Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:23

Жапониядан келген адам обсервацияда кармоо шартына арызданды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

13-мартта Жапониядан Кыргызстанга келип обсервацияда жаткан Бактыяр Жакыпов коронавируска тапшырган анализи кечигип жатканына жана карантинде кармоо шартына нааразы болуп «Азаттык» радиосуна кайрылды.

Анын сөзүнө караганда, вирус көп катталган өлкөлөрдөн келген 20 чакты адам АКШнын мурдагы авиабазасында обсервацияда жатат.

«Карантин деген менен бул жактан эч нерсе көргөн жокмун. Колдоно турчу медициналык каражаттар жок. Обсервацияда жаткандар эшикте эле сүйлөшүп отурат. Бирөө да медициналык маска тагынган эмес. Негизи карантин кылыштын кереги деле жок экен», - деди Жакыпов.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Нурила Алтымышева «Анализдердин жыйынтыгын чыгарып жатышат. Ал даяр болгондо дароо айтышат» деп жооп берди.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 13-мартта Кыргызстанда 1 545 киши жугуштуу вирустан текшерүүдөн өтүп, илдет аныкталбаганын билдирген. 14 күндүк обсервацияга алынган 303 жарандын 181и өзү жашаган жеринде медициналык көзөмөлдө турат. (BTo)

XS
SM
MD
LG