Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:42

Асрандиев: Абалдан пайдаланып ашыкча киреше табууну көздөгөндөр бар


Эркин Асрандиев.
Эркин Асрандиев.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев айрым базарларда жана кээ бир дүкөндөрдө азык-түлүктү массалык түрдө сатып алуу болуп, суроо-талап өсүп жатканын кырдаалдан пайдаланып, ашыкча киреше табууну көздөгөндөрдүн аракети катары баалады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Асрандиев калк керектөөчү негизги товарлар, тамак-аш жетиштүү экенин, тынчсызданууга, бааларды көтөрүүгө негиз жок экенин айтты. Тамак-ашты жана товарларды өндүрүү, ташуу үзгүлтүксүз, кадимки тартипте жүрүп жатканын кошумчалады.

«Тилекке каршы, кырдаалдан пайдаланып, ашыкча киреше табууну көздөгөн жактар чыгууда. Биз бул аракеттерди туура эмес деп эсептейбиз, бул коомго жана мамлекетке зыян келтирет. Калктын күнүмдүк керектөөсүндөгү негизги товарлардын, эң биринчи кезекте керектүү тамак-аштын запасы жетиштүү», - деди Эркин Асрандиев.

Вице-премьер-министр унга байланыштуу такталбаган маалыматтар да тарап жатканын белгиледи.

«Айрымдар Казакстанда чек ара жабылды, унду ташып келүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн деген ушактарды таратууда. Казакстан менен чектеш чек ара жабылган жок. Вируска байланыштуу болгону эки өлкөнүн жарандарынын чек арадан өтүү тартиби өзгөрдү. Жүк жана товарларды ташуу мурдагыдай эле штаттык тартипте жүрүүдө».

Коронавирус коркунучуна байланыштуу коомчулукта чек аралар жабылып, тамак-аш тартыштыгы болору тууралуу маалыматтар тарап жатат. Базарларда, дүкөндөрдө ун, кумшекер, суу май алган адамдар көбөйгөнү байкалды. (BTo)

XS
SM
MD
LG