Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:25

Путин Конституцияны өзгөртүү боюнча мыйзамга кол койду


Орусиянын президенти Владимир Путин. 13-март, 2020-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин. 13-март, 2020-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин 14-мартта «Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Конституциялык сот документти ушул эле күнү чукулунан карай баштады. Бул маалыматты соттон Би-би-синин орус кызматына ырасташты. Конституциялык соттун бүтүмүнөн кийин Баш мыйзамдын жаңы текстти бүткүл элдик добуш берүүгө чыгарылат.

Орусияда парламенттин жогорку палатасы - Федерация Кеңеши 11-мартта «Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун жактырган. Мунун алдында Мамлекеттик Дума мыйзам долбоорун үчүнчү окууда көпчүлүк добуш менен кабыл алып берген.

Баш мыйзамга эми мындан ары кудай жөнүндө сөздөр жана үй-бүлө эркек-менен аялдан куралары жазылат. Ошондой эле президенттик мөөнөткө байланыштуу «катары менен» деген жери алынып салынат жана мындан улам эмки президенттер кызматта эки гана мөөнөт боло алат.

Андан сырткары азыркы президент Владимир Путиндин жана экс-президент Дмитрий Медведевдин буга чейинки президенттик мөөнөттөрү жокко чыгарылат. Бул Путинге 2036-жылга чейин бийликте калышына жол ачат. Орусиянын учурдагы Баш мыйзамы боюнча Путин 2024-жылы президенттик кызматтан кетиши керек эле.

XS
SM
MD
LG