15-марттын таңында Өзбекстанда Франциядан кайткан адамдан коронавирус аныкталганы расмий кабарланды.
Борбор Азиянын беш өлкөсү вирус башталары менен эле чек араларында катуу көзөмөл киргизип, Кыргызстанда, Казакстанда массалык иш-чараларды токтото туруу чечими кабыл алынган.
14-мартка карата Казакстанда алты кишиден коронавирус табылды. Ооругандардын бирөө Москвадан Алматыга кайткан казакстандык экени аныкталды.
Кыргызстандын өкмөтү кабарлагандай, өлкөдө вирус катталган жок. Кыргызстанда 16-марттан тарта бардык мектеп, жогорку окуу жайлар карантинге жабылат.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 14-марттагы маалыматы боюнча, дүйнөнүн 135 мамлекетинде коронавирусту жуктургандар 142 миңден ашты. Вирустан баш-аягы 5 миңден ашык киши көз жумду.
АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы вирус 153 миңден ашык кишиге жукканын жана 5789 адам өлгөнүн көрсөтүп жатат. (BCh)