Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 28-март, 2020 Бишкек убактысы 13:58

Казакстанда коронавирусту жуктургандардын саны тогуз кишиге жетти


Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов.

Казакстанда СОVID-19 вирусун жуктургандардын саны тогузга жетти. Алардын бири - жакында Германиядан келген 12 жаштагы кыз. Бул тууралуу 15-мартта коңшу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Диас Ахметшарип билдирди.

Казакстанда коронавирус жуктурган биринчи бейтап 13-мартта катталган. Германиядан келген эки казак жаранынан (бир аял, бир эркек), ушул эле күнү Германиядан жана Италиядан учуп келген дагы эки адамдан COVID-19 вирусу табылган.

14-мартта Москвадан Алматы шаарына, Варшавадан Нур-Султан шаарына учуп келген дагы эки кишиден коронавирус чыккан.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 14-марттагы маалыматы боюнча, дүйнөнүн 135 мамлекетинде коронавирусту жуктургандар 142 миңден ашты. Коронавирустан баш-аягы 5 миңден ашык киши көз жумду.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы аталган вирус 153 миңден ашык кишиге жукканын жана 5789 адам өлгөнүн көрсөтүп жатат. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (12)

XS
SM
MD
LG