Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:24

Өкмөт азык-түлүктүн баасын көтөргөндөргө катуу чара көрүлөрүн эскертти


Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов. 15-март, 2020-жыл.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов. 15-март, 2020-жыл.

Өкмөт күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктүн баасын негизсиз жана атайылап көтөргөндөргө мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөрүн эскертти. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 15-мартта чукул кеңешмеде айтты.

Боронов 14-марттан тарта айрым базарларда азык-түлүк товарларын массалык түрдө сатып алуу башталганын, буга Казакстанда коронавирусту жуктургандар аныкталганы да таасир эткенин билдирди.

«Жоопкерчиликсиз жана керт башынын камын ойлогон ишкерлер жеке кызыкчылыгында пайдаланып жатышат. Алар үчүн ашыгы менен киреше табуу жарандардын тынч жашоосунан да маанилүү. Бардык мамлекеттик органдарга, облустук жана райондук жетекчилерге кечээги окуя кайталанбашы үчүн базарларда абалды көзөмөлдөө тапшырмасын бердим. Бааларды атайылап жогору көтөргөндөр үчүн чара көрүлөт, алар мыйзам чегинде катуу жазага тартылышат», - деди Боронов.

Биринчи вице-премьер-министр өлкө боюнча айыл чарба жана азык-түлүк продуктуларынын запасы жетиштүү экенин кошумчалады.

Өкмөт тараткан маалыматка караганда, Экономика министрлиги, Монополияны жөнгө салуу агенттиги жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) азык-түлүк баасына байланыштуу «Фрунзе», «Глобус», «Народный», «Алма», «Яр-Марка» жана «Городской базар» сыяктуу ири соода түйүндөрүнүн кожоюндары менен жолугушууларды өткөрүштү.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу коомчулукта чек аралар жабылып, тамак-аш тартыштыгы болору тууралуу маалыматтар тарап жатат. Базарларда, дүкөндөрдө ун, кумшекер, суу май алган адамдар көбөйгөнү байкалды. (BTo)

XS
SM
MD
LG