Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Казакстанда коронавирустан улам өзгөчө кырдаал жарыяланды


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев.

Президент Касым-Жомарт Токаев коронавируска байланыштуу Казакстанда өзгөчө кырдаал жарыялады. Токаев кол койгон жарлык коңшу өлкөнүн президентинин сайтына чыкты.

Анда жарандардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо үчүн Казакстандын бардык аймагында 16-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө кырдаал жарыяланганы жазылган. Бул убакыт аралыгында эл көп топтолгон оюн зоок борборлору, кинотеатрлар ишин токтотуп, ар кандай көргөзмөлөргө, спорттук оюндарга жана эл көп чогулган иш-чараларга тыюу салынары айтылган.

Транспорттун бардык түрлөрүнө Казакстанга кирүүсүнө жана чыгуусуна чектөө киргизилди.

15-мартта Казакстанда дагы үч кишиден коронавирус табылды. Алардын бири Германиядан келген 12 жаштагы кыз. Ушуну менен Казакстанда COVID-19 вирусун жуктургандардын саны тогузга жетти.

Коңшу өлкөдө коронавирус жуктурган биринчи бейтап 13-мартта катталган. Германиядан келген эки казак жаранынан (бир аял, бир эркек), ушул эле күнү Германиядан жана Италиядан учуп келген дагы эки адамдан COVID-19 вирусу табылган.

14-мартта Москвадан Алматы шаарына, Варшавадан Нур-Султан шаарына учуп келген дагы эки кишиден коронавирус чыккан.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 14-марттагы маалыматы боюнча, дүйнөнүн 135 мамлекетинде коронавирусту жуктургандар 142 миңден ашты. Вирустан баш-аягы 5 миңден ашык киши көз жумду.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы вирус 153 миңден ашык кишиге жукканын жана 5789 адам өлгөнүн көрсөтүп жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG