Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Азербайжан менен Түркия транспорт каттамын токтото турууну макулдашты


Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган,11-июль, 2018-жыл.
Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган,11-июль, 2018-жыл.

Түркия менен Азербайжан СОVID-19 вирусунун жайылып жатканынан улам транспорт каттамдарын убактылуу токтотото турууну макулдашты. Бул тууралуу эки өлкөнүн президенттеринин кеңселери 14-мартта жарыялашты.

Чектөө 15-марттан тарта күчүнө кирип, ал жүк ташыгандарга таасир этпейт. Анын алдында Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган телефон аркылуу сүйлөшкөн.

18 чакырымга созулган Түркия-Азербайжан чек арасында “Үмүт” көпүрөсү бар. Иран менен чектешкен Азербайжанда коронавируска чалдыккан биринчи бейтап 12-мартта аныкталган. Ушул тапта ооруну жуктуруп алгандар 19 киши экени расмий айтылды.

Азербайжан бийлиги Иран менен чек арасын эки апта мурун жапкан, мындай чектөө дагы эки жумага уланат. Грузиянын, Армениянын жана Азербайжандын өкмөт башчылары өз чек араларын 14-марттан тарта 10 күнгө жабуу тууралуу чечим кабыл алышкан.

Түркияда коронавируска чалдыккандардын саны 13-мартта беш кишиге жеткени кабарланды.

XS
SM
MD
LG