Санкт-Петербургда Конституцияны өзгөртүүгө каршы акцияга чыккандар кармалды. Нааразылык иш-чарасы Конституциялык соттун имаратынын алдында өтүп жатат. Жекшемби экенине карабай, Конституциялык сот президент Владимир Путин кол койгон Баш мыйзамга киргизилчү өзгөртүүлөрдү карап жатат. Соттун жыйыны жабык өтүүдө.
Акцияда «Ачык Орусия» кыймылынын төрагасы Анастасия Буракова баштаган бир катар активисттер сот имаратынын алдына Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршылык иретинде бир тутам гүл койгон соң кармалышты.
Ушундай эле нааразылык иш-чарасы Москвада Конституциялык соттун өкүлчүлүгүнүн алдында өтүп жатат. Ага катышкан журналист жана жергиликтүү кеңештин депутаты Илья Азар элди жапырт митингге чыгууга чакырды.
Орусияда парламенттин жогорку палатасы - Федерация Кеңеши 11-мартта «Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун жактырган. Документти 160 депутат колдоп, бирөө каршы чыкты. Мунун алдында Мамлекеттик Дума мыйзам долбоорун үчүнчү окууда көпчүлүк добуш менен кабыл алган. Документти 383 депутат колдоп, ал эми 43ү бир өңчөй пикирин билдирген эмес.
Баш мыйзамга эми мындан ары кудай жөнүндө сөздөр жана үй-бүлө эркек-менен аялдан куралары жазылат. Ошондой эле президенттик мөөнөткө байланыштуу «катары менен» деген жери алынып ташталат жана мындан улам эмки президенттер кызматта эки гана мөөнөт боло алат. Андан сырткары азыркы президент Владимир Путиндин жана экс-президент Дмитрий Медведевдин буга чейинки президенттик мөөнөттөрү жокко чыгарылат. Бул Путинге 2036-жылга чейин бийликте калышына жол ачат.