Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:31

Кыргыз-казак өкмөт башчылары коронавируска байланыштуу жагдайды талкуулады


Коронавирустун микроскоптон көрүнүшү. Иллюстрациялык сүрөт.
Коронавирустун микроскоптон көрүнүшү. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин телефон аркылуу сүйлөшүп, жагдайды талкуулашты. Бүгүнкү сүйлөшүүдө кыргыз-казак кызматташтыгы жана коронавируска байланыштуу жагдай талкууланды.

Өкмөт башчылар Казакстанда жарыяланган өзгөчө кырдаалдар шартында кыргыз-казак чек арасы аркылуу жүк ташуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Мындан ары маалымат алмашууну ыкчамдатууну макулдашты. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин 14-мартта да телефон аркылуу эки өлкөнүн жарандарын жана товарларды чек арадан өткөрүү тартиби боюнча сүйлөшкөн.

Расмий маалыматка караганда, ушу тапта кыргыз-казак чек арасы аркылуу жүк ташуу үчүн эч кандай тоскоолдуктар жок.

15-мартка карата Казакстанда сегиз кишиден СОVID-19 вирусу табылды. 16-марттан 15-апрелге чейин коңшу өлкөдө өзгөчө режим жарыяланды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG