Мындай чечим коронавирустун жайылышынан сактануу гана эмес, Германиянын дүкөндөрүндөгү азык-түлүктү чет элдиктер массалык түрдө сатып кетишинин алдын алуу максатында кабыл алынды.
Бул тууралуу «Bild» басылмасы өз булактарына таянып, жазды. Ага ылайык, мындай чечим канцлер Ангела Меркелдин ички иштер министри, Бавариянын, Бален-Вюртембергдин жана Саардын премьер-министрлери менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө кабыл алынган.
Чечим 16-мартта, саат 8:00ден тартып ишке кирет. Өлкөгө жүк ташуучу машинелер жана Германияда иштеген жарандар гана киргизилет.
Айрым маалыматтарга караганда, азык-түлүк тартыштыгы тууралуу дүрбөлөңдөн улам чек аралардагы дүкөндөрдүн текчелери бош калган учурлар байкалган.