Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 10-апрель, 2020 Бишкек убактысы 03:14

Иранда ооруканаларда орун тартыштыгы күтүлүүдө


Коомдук транспортту дезинфекциялоо учуру. Иран. Март, 2020-жыл.

Иранда акыркы суткада коронавирустан 113 адам өлдү, жалпысынан 724 киши бул оорудан көз жумду. Өлкөнүн пандемияга каршы күрөш боюнча чараларга жооптуу аткаминери Али Реза Зали кырдаал өзгөрбөсө ооруканаларда орун жетишпей калышы мүмкүн экенин белгиледи.

IRNA агенттиги 15-мартта өлкө боюнча 13 миң киши бул илдетти жугузганын маалымдады.

Байкоочулар чыныгы иш жүзүндө өлкөдө абал айтылып жаткандан алда канча оор болушу ыктымал экенин айтышууда.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, вирустан өлгөндөрдүн 55% 60 жаштан жогоркулар, 15% жашы 40ка жете электер.

Иранда мектептер, окуу жайлары жабылып, диний, маданий, спорттук жана башка иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган.

Бийлик илдеттин жайылышына каршы күрөшүү үчүн Эл аралык Валюта Фондунан 5 млрд. доллар карыз сураган.

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG