Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:48

Майыптар уюмунун өкүлү өкмөттү сынга алды


Татьяна Зеленская тарткан сүрөт.
Татьяна Зеленская тарткан сүрөт.

Майыптар биримдигинин төрайымы Гүлмира Казакунова өкмөт майыптарга багытталган иш планында биримдиктин сунуштары кабыл алынбай калганын айтып сындады. Ал бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссариаты уюштурган басма сөз жыйынында билдирди.

«Медиада майыптарга карата позитивдүү дискриминация күчөп атат. Майыптар өз көйнөгүн үтүктөп койсо деле журналисттер аны мактап, «азаматсың» дешет. Аны жөнөкөй адам кылса мактабайт да. Кыргызстанда майыптарга медициналык көз караш менен эле карашат. Ал эми алардын укуктары жөнүндө сөз болбойт», - деди Казакунова.

13-мартта Кыргызстан Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун конвенциясын ратификациялагына бир жыл болду. Ал майыптардын бардык укуктарын сыйлоого, коргоого жана камсыз кылууга багытталган. (KR)

XS
SM
MD
LG