Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:09

Каптагаев: Көшөгө артындагы саясий кыймылдар бийликти алсыраткысы келип жатат


Эмилбек Каптагаев.
Эмилбек Каптагаев.

Стратегиялык иликтөөлөр боюнча улуттук институттун директору Эмилбек Каптагаев «Апрель элдик революциясын саясий жактан коргоону алсыратууну, коргой ала турган саясатчыларды эл көзүнө жаманатты кылууну, «Апрель революциясын» жокко чыгаруу, аны куралдуу төңкөрүш катары, талоончулук, каракчылык катары көрсөтүүнү» максат кылган «көшөгө артындагы саясий кыймылдар» бар экенин «Фейсбук» баракчасына жазды.

Каптагаевдин сөзүнө караганда алардын жасакерленүү аркылуу бийликти алсыратуу аракети 2011-жылы Атамбаев президент болгондон, балким андан мурдараактан башталып, ал президентке Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн жек көрсөтүү менен коштолгон. Мындай иштерди негизинен «Фарид Ниязов жетектеп, Атамбаевдин ою алар менен бир жерден чыкты» деп болжогон саясатчы 2010-жылы түзүлгөн Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнө карата кийинки куугунтуктарды мисалга тарткан:

«Алардын аракети азыр деле токтогон жок, эми болсо ошол эле сөздөрдү президент Сооронбай Жээнбековго, анын жакындарына айтып жүрүшөт... Максаттары ошол эле, эптеп Жээнбековду алсыратуу, анын тегерегинде күчтүү саясий колдоонун жаралышына жол бербөө... акыры барып ыгы келсе ала салдырып салуу...»

Эмилбек Каптагаев акыркы учурда экс-президент «Роза Отунбаевага каршы уюштурулуп жаткан кара чабуулдун максаты деле ошол» деп эсептейт. Каптагаев өзүнүн «Фейсбуктагы» постунда бийликти алсыратууга кызыкчылыг бар көшөгө артындагы кыймылдар кимдер экенин ачыкка чыгарган эмес. Ал эми аты аталган камактагы Алмазбек Атамбаев менен Фарид Ниязов жана анын тарапкерлери бул боюнча реакция кыла элек.

Быйыл 7-апрель окуяларына 10 жыл болот. Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы көтөрүлүштө 80ден ашык киши окко учкан. 100дөн ашуун адам жарадар болгон. Бийликтен кулатылган президент үй-бүлөсү, жакындары менен Беларустан башпаанек тапкан. Кыргызстанда 7-апрель «мамлекеттик майрам жана дем алыш» деп жарыяланган.

Президент Сооронбай Жээнбеков апрель окуяларынан кийин түзүлгөн Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн былтыр сентябрь айында кабыл алган. Өткөөл президент Роза Отунбаева башында турган Убактылуу Өкмөттүн курамында саясатчылар Өмүрбек Текебаев, Алмазбек Атамбаев, Дүйшөнкул Чотонов, Эмилбек Каптагаев, Темир Сариев, Иса Өмүркулов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Абдыганы Эркебаев, Элмира Ибраимова, Топчубек Тургуналиев, Болот Шер болушкан.

XS
SM
MD
LG