Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 28-март, 2020 Бишкек убактысы 21:29

Германиядагы элчиликке Эрлан Абдылдаевдин талапкерлиги каралат


Эрлан Абдылдаев.

Кыргызстандын Германиядагы элчисинин кызматына мурдагы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин талапкерлиги каралууда. Бул тууралуу парламенттеги Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү Абдывахап Нурбаев билдирди.

Анын айтымында, 17-мартта аталган комитет Германия элчилигине Абдылдаевдин, Стамбулдагы башкы консулдук кызматка тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахмановдун талапкерлигин карайт.

Кылычбек Султан 2018-жылдын декабрында Түштүк Кореяда элчи болуп турган кезинде элчиликтерде коррупциялык иштер бар экенин жарыялаган. Ал терс көрүнүштөр тууралуу Тышкы иштер министрлигине, УКМКга, президенттик аппаратка жазган каттарына жооп болбогондуктан, президентке ачык кайрылганын айткан. Ошондон кийин Султанов иштен алынып, мурдагы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев өз арызы менен кызматтан кеткен.

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG