Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:16

Министрлик: өзүн начар сезгендер алгач өз аймагындагы ооруканадан кеңеш алат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда чет өлкөдөн келбеген жана алар менен байланышпаган жарандар коронавируска текшерилбейт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Министрликтин басма сөз кызматы жарандар дене табы көтөрүлүп же өзүн начар сезген учурда өз аймагындагы ооруканаларга кайрылып, кеңеш аларын билдирди. Ал ооруканалар коронавируска текшерүүчү лабораторияга жөнөтүү туурасында чечими кабыл алышат.

Учурда коронавирусту текшериш үчүн Бишкек жана Ош шаарында эки лаборатория иштеп жатат. Кошумча төрт лаборатория даярдалган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөдө коронавирустун алдын алуу боюнча чет өлкөлөрдөн келген адамдарды текшерүү күчөтүлөрүн билдирди. Буга байланыштуу Абылгазиев чет өлкөлөрдөн келген адамдарды бул аракеттерге түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды.

XS
SM
MD
LG