Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:51

«Мегаком» токко урунган бала боюнча жооп берди


Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматкери Элмира Мадиева «Фейсбук» баракчасы аркылуу «Альфа Телеком» мамлекеттик компаниясынын жетекчиси Акылбек Жамангуловго токко урунган бала жөнүндө кайрылды.

Ал өз кайрылуусунда 2019-жылдын октябрь айында Түп районунун Тасма айылында 11 жаштагы бала «Альфа Телеком» компаниясына таандык көмөкчордондогу токко урунганын жазды. Ал көмөкчордондун айланасы тосулбаганын белгилеп, балага медициналык жардам көрсөтүүнү суранган.

«Альфа Телеком» компаниясынын өкүлү Жумгалбек Өмүрканов «Азаттыкка» бул окуяны бардык тийиштүү мамлекеттик органдар иликтеп чыгып, ишкана техникалык талаптарды бузганы аныкталган эмес деп тапканын маалымдады. Бирок Өмүрканов балага жардам көрсөтүү боюнча маселе каралып жатканын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG