Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 29-март, 2020 Бишкек убактысы 17:21

Орусияда экономиканы колдош үчүн 4 млрд. долларлык фонд түзүлөт


Москва. 10-март, 2020-жыл.

Орусиянын өкмөтү экономиканы колдош үчүн 4 миллиард долларлык фонд түзөрүн жарыялады. Мындай чечим мунай арзандап, коронавирус күчөп жаткан шартта кабыл алынды.

Премьер-министр Михаил Мишустин 16-мартта билдиргендей, туризм тармагында иш алып барган компаниялардын салык төлөө мөөнөтү узартылат жана ишкерлерге жеңилдетилген насыя берилет. «Газпром» жана «Роснефть» сыяктуу мамлекеттик компаниялар дивиденддерди алты ай кечирээк төлөсө болот. Быйыл федералдык бюджетке мамлекеттик ишканалардан алынчу 7,4 миллиард доллар дивиденддер киргизилген. Алар каражатты адатта жыл ортосунда төлөшөт.

Орусиянын экономикасы мунайдын баасына көз каранды. Бюджет кара майдын баасы бир баррелге 40 доллардан жогору болот деп түзүлөт.

Коронавирустан жана Сауд Арабиясы менен пикир келишпестиктен улам 9-мартта мунайдын баасы 30 доллардын айланасында төмөндөп кеткен. Натыйжада рублдин куну качып, анын кесепети казак жана кыргыз акчаларына да тийген.

Орусияда COVID-19 вирусуна кабылгандар 63 кишиге жетти. Буга байланыштуу орус өкмөтү Европа менен жүргүнчү каттамдарын чектеп, Беларус менен чек араны да убактылуу жапты.

Пикирлерди көрүңүз (2)

XS
SM
MD
LG