Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:47

Жээнбаева: бюджеттин 15% аткарылбай калышы мүмкүн


Бактыгүл Жээнбаева.
Бактыгүл Жээнбаева.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-мартта финансы министри Бактыгүл Жээнбаеваны кабыл алып, коронавирустун жайылышына байланыштуу бюджеттин аткарылышы, бүгүнкү жагдай жана каражаттарды үнөмдөө чараларын талкуулады.

Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева кооптуу жагдайларды эске алганда мурда пландалган республикалык бюджеттин 85 пайызы аткарылышы мүмкүн экенинин билдирди. Жээнбаева Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Эл аралык Валюта Фонду жана башка эл аралык финансы институттары менен республикалык бюджетти колдоого каражат бөлүп берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын кошумчалады. Мамлекеттик органдарга кырдаал турукташканга чейин зарыл болбогон чыгашаларды үнөмдөө боюнча сунуштар берилгени белгилүү болду.

Президент мамлекет эмгек акы, жөлөкпул, пенсия жана башка социалдык төлөмдөр сыяктуу социалдык милдеттенмелерин аткарышы зарыл экенин белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков "Кыргыз республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзамга 2019-жылдын декабрь айында кол койгон. Мыйзамды парламент 28-ноябрда кабыл алган. Ал мыйзамда 2020-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 163 млрд. 710 млн. сом, чыгашалары 173 млрд. 663 млн. сом, таңсыктыгы 9 млрд. 953 млн. сом суммасында жактырылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG