Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:55

Журналист Прокопьевага «террорчулукту актаган» деген айып коюлду


Прокопьеваны бошотуу акциясы. Москва, 19-январь, 2019-жыл.
Прокопьеваны бошотуу акциясы. Москва, 19-январь, 2019-жыл.

Орусиялык журналист Светлана Прокопьевага «террорчулукту актаган» деген айып коюлду. «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун орус редакциясы менен кызматташкан журналист Псковдун прокуратурасы анын иши боюнча айыптоо корутундусун бекиткенин 16-мартта «Север.Реалии» сайтына маалымдаган. 2018-жылы «Эхо Москвы» радиосунун эфиринде Прокопьева Архангелскидеги ФСБ имаратындагы жардырууга комментарий берип, 17 жаштагы анархистти терактка «өлкөдөгү репрессиялык режимдин аракеттери түрткөн болушу мүмкүн» деп боолгологон.

Журналист өзүнө коюлган айыпты четке кагууда.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай Прокопьевага коюлган айыпты «негизисиз» деп сындады. Эл аралык медиа мекемесинин жетекчиси мунун баары «көз каранды эмес журналисттин оозун жабыш үчүн жасалганын» белгиледи.

Пркопьеванын сот жообуна тартылып жатышын буга чейин «Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму, Орусиянын Эркин журналисттер кошууну, бир катар укук коргоочу уюмдар айыпташкан. Ага каршы ишти токтотууну Орусия президентине караштуу Адам укуктары боюнча кеңеш да талап кылган.

Бул берене боюнча Прокопьева беш жылга чейин соттолушу ыктымал.

XS
SM
MD
LG