Мындан 18 жыл мурун болгон Аксы окуясын эскерүү иш-чарасы азыр Аксы районунун Боспиек айылында да өтүп жатат. Ага президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Аксы окуясынын жабырлануучулары жана жергиликтүү тургундар катышууда. Бул тууралуу Аксы райондук акимчилиги «Азаттыкка» кабарлады.
Коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам Аксы окуясын эскерүү Бишкекте уюштурулбайт. Мамлекет башчы апрель жана Аксы окуяларынын курмандыктарына тургузулган эстеликке гүлчамбар коюшу күтүлүүдө.
2002-жылдын 17-мартында Аксыда бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты киши курман болгон. Анда ошол кездеги президент Аскар Акаевге импичмент жарыялоо демилгесин көтөргөндөн кийин камакка алынган депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу жана Үзөңгү-Куушту Кытайга бербөө тууралуу талаптар коюлган болчу. (ZKo)