Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:25

Орусияда Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө нааразылар көбөйдү


Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы кол топтоо улантылмакчы. Москва. Март, 2020-жыл.
Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы кол топтоо улантылмакчы. Москва. Март, 2020-жыл.

Жүздөгөн окумуштуулар, журналисттер жана укук коргоочулар Орусияда «Конституциялык кризис жана конституциялык эмес төңкөрүш» коркунучу пайда болгонун айтып чыгышты. Конституциялык сот тарабынан Орусиянын Баш мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр бекитилерине аз калганда 420 адам «Эхо Москвы» жарыялаган ачык катка кол койду.

Катта азыркы президенттин мөөнөтүн жокко чыгарган өзгөртүүлөр «мыйзамсыз, саясий жана этикалык жактан туура эмес» деп жазылган.

Ага карабай, Орусиянын Конституциялык соту «түзөтүүлөр жөнүндө долбоору Баш мыйзамга туура келет» деген бүтүм чыгарды. Орусиянын президенти Владимир Путин Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорун 15-январда, Федералдык Жыйынга кайрылуусунан көп узабай сунуш кылган.

Үч күн мурун карама-каршылыктуу өзгөртүүлөрдү Орусиянын бардык аймактары жактырган. Эми долбоор 22-апрелде элдик референдумга коюлмакчы.

67 жаштагы Путин президент жана премьер-министр катары Орусияны 20 жылдан бери башкарып келатат.

XS
SM
MD
LG