Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 15:57

Бекназаров: 17-март - Кыргызстандын тарыхында кара тамга менен жазылган күн


Азимбек Бекназаров.

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров Аксы окуясында каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, кайрылуу таратты.

Бекназаров 17-март эгемен Кыргызстандын тарыхында кара тамга менен жазылган күн болуп каларын, мындай окуя кайталанбашы керек экенин белгиледи.

«Аксылыктар кыйналды, ооруду, азап тартты, далай жолу ийилди, бирок сынбады, чөгөлөбөдү, соодалашкан жок. Аксы жергесинен башталган саясий күрөш президенттик үй-бүлөлүк жеке башкарууга каршы жалпы улуттук күрөшкө айлана алды. Үй-бүлөлүк башкаруунун автору, ээси Акаев үй-бүлөсү менен 2005-жылдын 24-мартында өлкөдөн качып кетүүгө аргасыз болду», деп жазылган кайрылууда.

2002-жылдын 17-мартында Аксыда бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты киши курман болгон. Анда ошол кездеги президент Аскар Акаевге импичмент жарыялоо боюнча демилге көтөргөндөн кийин камакка алынган депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу жана Үзөңгү-Куушту Кытайга бербөө тууралуу талаптар коюлган. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (14)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG