Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 17:01

Кыргызстанга чет өлкөлүк жарандардын киришине убактылуу чектөө кирет(видео)


Алтынай Өмүрбекова

Коронавирусту алдын алуу боюнча республикалык штаб Өкмөткө ушундай сунуш бергенин штабдын төрагасынын орун басары, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова 17-марттагы маалымат жыйынында билдирди. Вице-премьердин айтымында, чет өлкөлүктөр үчүн убактылуу чектөө үчүн азырынча бир айлык мөөнөткө белгиленүүдө. Чектөө тууралуу чечим качан чыгары жана качан күчүнө кирери тууралуу айтылган жок.

Ошондой эле штаб эпидемиологиялык абалга жараша коронавирус катталган өлкөлөрдүн категорияларын кайра карап чыгып, мурдагыдай үч эмес, эки категорияга бөлүнүп, биринчи категорияга Кытай баштаган өлкөлөр киргизилди:

“Биринчи категорияга Италия, Иран, Испания, Түштүк Корея, Германия, Франция, АКШ, Швейцария, Англия, Голландия, Норвегия, Швеция, Бельгия, Австрия мамлекеттери кирет. Ал эми экинчи категорияга вирус катталган өлкөлөрдүн баары кирет”, - деди Өмүрбекова.

Сунуштун негизинде чечим кабыл алынса биринчи категорияга кирген өлкөлөргө каттаган кыргызстандыктар 14 күнгө чейин карантинге алынат. Экинчи категорияда эки жума үй карантинге алынат. Бирок, жүк ташууга чектөө киргизилген жок.

Буга чейин Кыргызстан коронавирус жайылган өлкөлөрдү үч категорияга бөлгөн. Учурда Кыргызстанда коронавирус илдети каттала элек. 321 киши обсервацияда жатат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, акыркы суткада коронавирусту дүйнөдө 13 903 адам жуктурган. Ошондой эле дүйнөнүн төрт өлкөсүндө жаңы аныкталды, алардын экөө Африкада, бирөө Европада, дагы бирөө Америкада. Муну менен жалпы дүйнө жүзүндөгү 151 өлкөдө коронавирус аныкталды.

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG