Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:30

Курсан Асановдун жардамчысы үй камагына чыкты


Курсан Асанов сот залында. 28-февраль, 2020-жыл.
Курсан Асанов сот залында. 28-февраль, 2020-жыл.

Кой-Таш окуясы боюнча козголгон кылмыштарга байланыштуу камакка алынган мурдагы ички иштер министри Курсан Асановдун жардамчысы, Ички иштер министрлигинин кызматкери Дамир Пайзилда уулу үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Курсан Асановдун жактоочусу Икрамидин Айткулов маалымдады.

Анын айтымында, Биринчи май райондук сотунда мурдагы министр Курсан Асанов, журналист Турсунбек Бейшенбековдун үй камагындагы мөөнөтү эки айга узартылды. Ал эми Дамир Пайзилда уулунун бөгөт чарасы үй камагы болуп өзгөртүлдү.

4-февралда Башкы прокуратура Курсан Асанов Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу»), 43-беренесинин 2-бөлүгү («Кылмыш жасоону уюштуруу же анын аткарылышына жетекчилик кылуу»), 44-беренесинин 2-бөлүгү («Сүйлөшүп алып чогуу кылмыш кылуу»), 45-беренесинин 3-бөлүгү («Кылмышты уюштуруу, шыкактоо жана көмөк»), 5-бөлүгү («Кылмыш жасоого башка адамдарды көндүрүү») боюнча айыпталып жатканын маалымдаган.

Анда Башкы прокуратура Асанов ИИМдин башка кызматкерлери Пайзилда уулу Дамир менен Мухамедали Асановду өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып, жардамчысы жана жансакчысы катары иштетип жүргөн, ал эми өкүл баласы Турсунбек Бейшенбеков менен чогуу ошол кездеги биринчи вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тууралуу калп маалыматтарды тараткан деп шек саналып жатканын кабарлаган.

Мындан тышкары Курсан Асанов 7-8-августта Кой-Ташта Дамир Пайзилда уулу жана Мухамедали Асанов менен кошо кылмыш далилдерин жок кылган, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн алып чыккан далил буюмдарды жана кылмыш ишин тергөөдө керек болгон маанилүү документтерди жансакчысы Дамирбек Пайзылда уулу аркылуу баласына, андан ары Атамбаевдин тарапкерлерине жеткириш үчүн берген деп айыпталууда. Бул иштин алкагында анын жардамчысы Дамирбек Пайзылда уулу да камакка алынган.

Курсан Асанов «мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти» деген жүйө менен кызматтан четтетилип, үй камагына алынган.

27-августта Асановдун 22 жаштагы уулу Мухамедали Асановго издөө жарыяланган. Асанов өзүнө коюлган дооматты четке кагып, жеке кызыкчылыгын эч качан мамлекеттик кызыкчылыктан жогору койбой турганын айткан. Chyndyk.kg сайтынын редактору, журналист Турсунбек Бейшенбеков да камалып, үй камагына чыккан. (TSh)

XS
SM
MD
LG