Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 1-апрель, 2020 Бишкек убактысы 04:29

«Манас» аэропорту: токтотулган рейстердин тизмеси


«Манас» аэропорту.

«Манас» эл аралык аэропорту коронавируска байланыштуу рейстери убактылуу токтотулган компаниялардын тизмесин жарыялады. Алардын катарында «Түштүк Корея авиалиниялары», «Флай Дубай», «Эйр Астана», «Узбекстан авиалиниялары», «Авиа Траффик Компани» «Вареш Эйрлайнс», «Эйр Астана» сыяктуу компаниялар бар. «Манас» аэропортунун сайтында расмий тилде жарыяланган тизме менен толук таанышуу үчүн бул жакты басыңыз.

«Кабар» улуттук маалымат агентиги 17-марттан тартып «Кыргыз темир жолу» ишканасы жүргүнчү ташыган эл аралык поезд каттамдарын убактылуу токтотконун жазды. Ишкана билет сатып алган жарандар аны кайра өткөрсө болорун билдирди. Өлкө ичиндеги Бишкек – Кара-Балта каттамдары иштей берет.

Кыргыз өкмөтү Кыргызстанга чет өлкөлүк жарандардын киришине убактылуу чектөө киргизгени жатат. Коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штаб өкмөткө ушундай сунуш киргизгенин штабдын төрагасынын орун басары, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова 17-марттагы басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, чет өлкөлүктөр үчүн убактылуу чектөө боюнча азырынча бир айлык мөөнөт белгиленүүдө. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (13)

XS
SM
MD
LG