Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:25

ЕАЭБ медициналык каражаттарга бажы төлөмүн төмөндөтөт


Евразия экономикалык комиссиясынын жыйыны. 2020-жыл.
Евразия экономикалык комиссиясынын жыйыны. 2020-жыл.

Евразия экономикалык комиссиясы коронавирустун жайылышынын алдын алууда колдонулуучу айрым медициналык товарлардын бажы төлөмүн төмөндөтүү же такыр алып салуу боюнча чечим кабыл алды. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын сайтында жазылды.

Медициналык каражаттарга бажы төлөмдөрүн төмөндөтүү жөнүндө чечим Кыргызстандын жана Армениянын сунушу менен кабыл алынды. Жакынкы күндөрү эксперттер жеңилдиктер каралган товарлардын тизмесин макулдашат.

Мындан тышкары Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ) дүйнөнү каптаган жугуштуу вирус менен бирге күрөшүүнүн иш-чараларын талкуулады. Биримдиктин ичиндеги өлкөлөрдүн мындай кырдаалдагы товар жүгүртүүсү, экономикалык жагдайлар боюнча жумушчу топ түзүү макулдашылды. Биримдиктеги өлкөлөрдүн бири-бирине товар жүгүртүүсү эркин. Бажы төлөмдөрү үчүнчү өлкөдөн келген товарлардан гана алынат.

Кыргызстан уюмга 2015-жылдын 12-августунда мүчө болгон. ЕАЭБде Кыргызстандан сырткары Орусия, Казакстан, Беларус жана Армения бар. (TSh)

XS
SM
MD
LG