Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:49

Күндүн ысышы коронавирусту жеңерине эксперттер ишенишпейт


Күн жылыган учурда COVID-19 токтой турганы тууралуу пикирлер айтылып келет. Өткөн айда АКШнын президенти Дональд Трамп абанын табы көтөрүлгөнүнө байланыштуу пандемия апрель айында аякташы мүмкүн деп болжолдогон.

Коронавирустардын башка түрлөрүнүн жүрүшүн байкаган швейцариялык жана швециялык микробиологдор тобу Түндүк жарым шарга климаттык жаз келери менен COVID-19 күчүн жоготушу мүмкүн экенин айтышкан.

Ошол эле учурда кытайлык саламаттык сактоо эксперттери Ухандан тараган вируска аба ырайынын таасири тууралуу маалымат жок экенин айтып жатышат.

«Эгер биз өткөн жолку, коронавирустун башка бир түрү – SARSка байланыштуу тажрыйбаны карап көрсөк, жугуш темпине көп факторлор таасир этерин көрө алабыз. Мисалы, убакыттын өтүшү менен вирус күчүнүн акырындап азайышы же мутациядан улам күчөшү мүмкүн. Ошондой эле профилактика жана көзөмөл да мааниге ээ. Алардын арасында, тилекке каршы, аба ырайы фактору жок. Аба ырайынын таасири али ырастала элек», - дейт Бээжиндеги Медициналык коллеждер биримдигинин директор орун басары Цао Вэи.

«Америка авазы» радиосундагы маегинде Жорж Вашингтон университетинин вирусологу Кристофер Морс да аба ырайы менен жаңы вирустун байланышына көп ишенбей жатат. «Кандай болгон күндө да мен ал нерсеге көп ишеним артмак эмесмин» дейт ал.

Окумуштуулар вирустар аба кургак учурда – демейде кышында вирус жеңил тараларын белгилешет. Ошол эле учурда Гарвард университетинин адистери кезектеги иликтөөсүндө абадагы нымдуулук жаңы коронавируска таасир этпеши мүмкүн экенин белгилешет. Алар Кытайдын кургак жана суук түндүгүндө да, жылуу жана нымдуу түштүгүндө да жаңы вирус тараганын көрсөтүшөт.

Маселен, нымдуу тропикалык климаттуу, ысык өлкө Сингапурда да жаңы вирус таралууда. 17-мартка карата COVID-19 жугузгандар бул өлкөдө 243 кишиге жетти.

XS
SM
MD
LG