Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 4-апрель, 2020 Бишкек убактысы 10:32

Иранда калган 76 айдоочунун акыркылары жолго чыгышат


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандык акыркы 5 айдоочу Ирандан Азербайжандын аймагына эки күн аралыгында өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Ирандагы элчилигинин кызматкери Мелис Байсымаков «Азаттыкка» 17-мартта билдирди.

Мелис Байсымаковдун айтымында, калган 71 автоунаа Ирандан Азербайжандын аймагы аркылуу Кыргызстанга жол тартты.

Буга чейин Соода-өнөр жай палатасынын логистика жана транспорт боюнча комитетинин төрагасы Талантбек Маткерим уулу 5 айдоочу Ирандын «Саракс» чек ара өткөрмө бекетинде чек ара кызматынан документтерин ала албай жатышканын, 20 жүк ташуучу автоунаа Орусиянын аймагында келатканын, ондон ашыгы Орусия менен Казакстандын чек арасына келип токтогонун маалымдаган.

Талантбек Маткерим уулу ошондой айдоочулар орус-казак чек арасы аркылуу чогуу өткөрүлөөрүн билдирди:

«Казакстан чек араны жапканына байланыштуу, алар бир гана коридор менен өткөрөрүн билдирип жатат».

Иранда карантин жарыяланып, Түркмөнстан чек арасын жапканына байланыштуу 76 кыргызстандык айдоочу 18-февралдан бери Иранда кармалып турган.

Түркмөнстан айдоочуларды өткөрүүдөн баш тарткандан кийин Кыргызстандын өтүнүчүнө ылайык кыргызстандык айдоочуларды Азербайжан өз аймагы аркылуу өткөрүүгө макулдук берген.

Кыргызстандын Ирандагы элчилигинин маалыматына караганда Иранда 66 кыргызстандык бар. Алардын арасында коронавируска кабылгандар жок. (GT)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG