Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 2-апрель, 2020 Бишкек убактысы 05:03

18-мартта айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын аймагында 18-мартта түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Эртең менен жана күндүз Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жок. Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 18-мартта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7...12, күндүз 13...18,

Талас жергесинде түнкүсүн 5...10, күндүз 13...18,

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 8...13, күндүз 20...25,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз 9...14,

Нарын облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз 8...13,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -13...-18, күндүз -3...+2 градус болот.

Бишкек шаарында 18-мартта түнкүсүн жаан-чачын болбойт, эртең менен жана күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн. Абанын табы борбордо түнкүсүн 10…12°, күндүз 16…18° градус болот. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG