Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:30

Иран түмөндөгөн адамдарды абактан бошотту


Ирандын Кум шаарындагы дезинфекциялоо иштери.
Ирандын Кум шаарындагы дезинфекциялоо иштери.

Коронавирусту көзөмөлдөп, жугузуп алууну азайтуу максатында Иран 85 миң кишини абактан убактылуу бошотту. Сот бийлигинин өкүлү Голамхоссейин Эсмаилинин 17-марттагы билдирүүсүнө караганда, бошотулгандардын арасында саясий негизде камалгандар да бар.

«Бошотулгандардын 50% жакыны - коопсуздук маселесине байланыштуу камалгандар. Инфекциянын жайылышына каршы туруш үчүн түрмөлөрдө алдын алуу чаралары көрүлдү», деди Эсмаили. Бирок ал кандай чаралар экенин тактаган жок.

Иранда COVID-19 вирусун жугузган адам алгач 19-февралда катталган. Ошондон бери бул илдетке кабылгандар 15 миң кишиге жеткени расмий маалымдалат. Алардын 5 миңи айыкканы кабарланды. 853 киши коронавирустун кесепетинен көз жумду.

Ошол эле учурда жергиликтүү аткаминерлер жана саламаттык сактоо эксперттери өлкө бийлиги жаңы вирусту жугузгандардын санын атайын аз көрсөтүп жатканын айтып жүрүшөт.

XS
SM
MD
LG