Коронавирустун жайылып кетишинин алдын алуу максатында Казакстан менен Өзбекстандын мусулмандар диний башкармалыктары дээрлик окшош чечимдерди кабыл алышты. Ага ылайык, жума күнкү жана башка намаздарды мечиттерде окуу убактылуу токтотулду.
Мечиттер ачык болуп, азан айтылып турганы менен муфтияттар намазды үйдөн окууга кеңеш берип жатышат.
Ал эми тажия жакын туугандардын катышуусунда гана өткөрүлө турушу керек деп чечилди.
«Мечиттердин ашканаларында өткөрүлүп келген жетилик, кыркылык жана башка эскерүү иш-чаралары убактылуу токтотулат», деп жазылат Казакстандын муфтиятынын фатвасында.
Ал эми Өзбекстандын муфтияты фатванын бир пунктуна: «Мындай өзгөчө кырдаал учурунда азык-түлүк, дары-дармек жана башка эң зарыл нерселердин баасын негизсиз көтөрүп жиберүү, жасалма таңкыстык жаратуу, эл арасында ушак менен дүрбөлөңдү жайылтуу биздин дин үчүн алгылыксыз», деп жазды.
Мындай чечим дүйнөдөгү коронавирус аныкталган өлкөлөрдүн ислам уюмдарынын фатваларынын негизинде кабыл алынганы белгиленет.
17-мартка карата COVID-19 илдетин жугузуп алгандар Казакстанда 32, Өзбекстанда 11 кишиге жетти.