Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Поляк министрлери кыска убакыт карантинге отуруп чыгышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экология министри Михал Вось коронавирус жугузуп алганы билингенден кийин Польша өкмөтүндөгү кеминде 15 министр бир күн карантинде отурушту.

Баарынын анализинин жыйынтыгы чыгып, коронавирус аныкталбаганын саламаттык сактоо министри Лукаш Шумовски билдирди.

Министр Вось COVID-19 вирусун жугузуп алганы 16-мартта аныкталган. Ошондон соң аны менен чогуу 10-мартта жыйында болгон министрлер текшерүүдөн өтүшкөн. Ал жыйынга премьер-министр Матеуш Моравецкий жана башка тогуз министр катышкан эмес. ​

17-мартка карата Польшада 221 адамдан коронавирус аныкталган. Алардын бешөө көз жумду.

Поляк бийлиги да катаал чараларды көрүп, чет өлкөлүк туристтерди киргизбей турууну чечти. Окуу жайлары жабылып, бийлик элди үйдөн чыкпоого чакырып жатат.

XS
SM
MD
LG