Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:58

Ошто 43 бала бакча дезинфекцияланды


Коомдук транспортту дезинфекциялоо.
Коомдук транспортту дезинфекциялоо.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаардык мамлекеттик профилактикалык зыянсыздандыруу бекет мекемесинин башкы дарыгери Айнура Осмоналиева маалымдады.

Адистин айтымында, шаар аймагындагы бала бакчаларда бир жолку дезинфекция жасалды.

Мекеменин кызматкерлери ушу тапта Ош шаарындагы орто мектептерди дезинфекциялап жатышат. Андан кийин Ош борбордук муниципалдык базарында, 50дөн ашуун жеке менчик базарда дезинфекциялоо болору айтылды.

Ошто өткөн жумада 78 мечитте, 3 медреседе, 14 намазканада, 4 диний окуу борборунда, 6 диний коомдук уюмдарда, коомдук унааларда дезинфекциялоо иштери жүргүзүлгөн. (MdN)

XS
SM
MD
LG