Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:12

Грузия Жогорку сотуна жаңы төрайым келди


Нино Кадагидзе.
Нино Кадагидзе.

Грузиянын парламенти Нино Кадагидзени Жогорку соттун башчылыгына тандады. Анын талапкерлигин жыйындагы 82 депутаттын баары колдоду. Ал эми оппозициялык партиялар саясий негизде камалгандар бошотулушун талап кылып, процесске катышуудан баш тартышкан.

Жогорку соттун төрагасынын орду өткөн жылдын август айынан бери бош турган. Мурдагы төрайым Нино Гвенетадзе саламаттыгынын айынан кызматынан кеткен эле.

Кадагидзе Жогорку соттун курамына декабрда кирди. Аны оппозиция бийликчил «Грузин кыялы» партиясынын негиздөөчүсү Бидзина Иванишвилиге баш ийген, «сотторго таасири күчтүү кландын өкүлү» деп эсептешет. Кадагидзе дооматтарды четке кагып келет.

Ал алдыда журналисттерге ачык болоруна, реформаларды улантарына убада берүүдө.

«Коомчулуктун жогорку ишенимин жараткан сот системасын түзүү - эң башкы тилегим. Бул жаңы кызматымдагы эң башкы максатым болот», - деди Кадагидзе.

XS
SM
MD
LG