АКШнын үч штатында Демократиялык партиядан президенттикке талапкер болууга камынгандардын праймеризи өтүүдө. 17-мартта добушканага келгендер Флорида, Аризона жана Иллинойс штаттарынан 2020-жылкы президенттик шайлоодо республикачы Дональд Трампка ким атаандаш болорун тандашат.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу Огайо штаты добуш берүүнү башка күнгө жылдырган.
Шайлоо комиссиянынын мүчөлөрү жаңы вирусту жугузуп алуу коркунучунан улам шайлоочуларды кеминде эки метр аралык сактоого чакырып жатышат.
Ошол эле маалда Флоридадагы айрым шайлоо тилкелери анда иштегендер COVID-19 вирусун жугузуп алуудан чочулап ишке чыгышпагандыктан жабык турду.
Негизги атаандаштар - мурдагы вице-президент Жо Байден менен сенатор Берни Сандерс. Азырынча Байден Сандерстен бир кыйла алдыда.