Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 10-апрель, 2020 Бишкек убактысы 02:10

ДССУ: Акыркы суткада коронавирустан 475 адам көз жумду


COVID 19 илдети тууралуу нускамадан. Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, анын ичинен 428 киши Европа мамлекеттеринен. Жугуштуу илдеттен дүйнөдө 7426 киши каза тапты.

11 526 жаңы учур катталып, ооруга чалдыккандардын жалпы саны 179 112 адамга жетти.

Акыркы суткада коронавирус дүйнөнүн дагы сегиз өлкөсүнөн катталды.

Ал эми коронавирустун курмандыктарын изилдеп келе жаткан Гонкгонгдогу «South China Morning Post» басылмасы 18-мартка карата берген маалыматында оорудан набыт болгондордун саны 7822 адамга жеткенин билдирди. Басылманын маалыматы боюнча, акыркы суткада 737 адам коронавирустан көз жумду. Мунун ичинен Италияда 345 киши оорудан улам жарык дүйнө менен кош айтышып, оорудан өлгөндөрдүн саны 2500ден ашты. Жалпы өлкөдө 31 506 киши ооруну жуктуруп алган.

Иранда жалпы өлгөндөрдүн саны 988 адам, 16 миңден ашууну ооруга чалдыккан. Испанияда 491, Францияда 175, АКШда 103 киши коронавирустан көз жумду.

Басылма жалпы дүйнөдө коронавируска чалдыккандардын саны дээрлик 188 миң адамга жеткенин, ал эми 79 миңден ашуун киши илдеттен сакайганын жазды.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG