Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:22

Казакстанда коронавирус жугузгандар 33 кишиге жетти

Алматыдагы аэропортто. Март, 2020-жыл.
Алматыдагы аэропортто. Март, 2020-жыл.

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги 17-март күнү кечинде коронавирус жугузган дагы бир киши аныкталганын билдирди. Муну менен өлкөдө илдетке чалдыккандардын саны 33 кишиге жетти. Алардын 15и Алматыда, 18и Нур-Султанда дарыланууда.

Жагдай оорлоп кеткенине байланыштуу 19-марттан тартып Алматы жана Нур-Султан шаарларында карантин күчүнө кирет.

Ага ылайык, аталган шаарларда адамдардын ары-бери жүрүшү чектелет. Коомдук транспорт каттамы азайтылып, өлкөгө кирген-чыккан автотранспорт да чектелип, көзөмөлгө алынат.

Мындан тышкары Казакстанда 16-мартта жарыяланган өзгөчө кырдаал дагы күчүндө.

XS
SM
MD
LG