Жалал-Абад шаарынын аймагында мекеме- ишканаларда сырттан келгендердин киришине чектөө коюлду.
Шаардык мэриянын имаратына 18-мартта эртең менентен кызматкерлерден башка эч ким киргизилбей жатат.
Мындай чаранын себебин шаар бийлиги эч жакка чыкпай, телефон аркылуу байланышып иштөөгө өтүү тууралуу чечим кабыл алганы менен түшүндүрдү.
Шаарда борбордук базар жана коомдук транспорт мурункудай тартипте эле иштеп жатат.
18-мартта Кыргызстанда коронавирус жугузган үч киши аныкталды. Алар Сауд Арабиясына умрага барып келгендер экени такталды. (RsK)