Чет мамлекеттерде жашаган кыргызстандыктардын арасында коронавирус илдетине чалдыккандар жок. Бул тууралуу 18-мартта тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында айтты.
«Азаттыктын»: «Чет өлкөлөрдө, Орусияда калып, кайта албай жаткандарга кандай жардам болот?» деген суроосуна жооп берип жатып Абдрахманов чет мамлекеттердеги жарандар консулдук каттоого турушу керек экенин, эгер чогулуп, элчиликке кайрылса автобус уюштурулушу мүмкүн экенин билдирди.
18-мартта Кыргызстанда коронавирус жуккан алгачкы үч адам аныкталды. Алар 12-мартта Сауд Арабиясынан умрадан кайтып келгени айтылууда. Буга байланыштуу Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. (BkA)