Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 31-март, 2020 Бишкек убактысы 15:31

Кыргызстан чет өлкөлүк жарандардын киришине тыюу салды


«Манас» аба майданы.

Кыргыз өкмөтү 19-марттан тартып чет өлкөлүк жарандарды Кыргызстандын аймагына киргизүүнү убактылуу чектөө боюнча токтом кабыл алганын тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов 18-марттагы басма сөз жыйынында билдирди.

«Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанга келүүнү пландап жаткан чет өлкөлүк жарандарга бардык категориядагы виза берүүнү токтотту», - деди Абдрахманов.

Министрдин орун басары мындай чектөөлөр дипломаттарга, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө, эл аралык каттамдагы учактар менен поезддердин айдоочуларына тиешелүү эмес экенин билдирди.

17-мартта кыргыз өкмөтү Кыргызстанга чет өлкөлүк жарандардын киришине убактылуу чектөө киргизгени жатканын маалымдаган. Анда чет өлкөлүктөр үчүн убактылуу чектөө боюнча азырынча бир айлык мөөнөт белгиленип жатканы кабарланган.

18-мартта Кыргызстанда коронавируска чалдыккан алгачкы үч киши аныкталды. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктар арасында коронавируска чалдыккандар жок. Дүйнөдө бул илдет 140тан ашык өлкөдө катталды. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (8)

XS
SM
MD
LG