Казакстандын Алматы шаарынын аэропортунда учурда Индиянын борбору Делиден кайтып келген 19 кыргызстандык кармалып турат. Бул тууралуу коронавирус коркунучуна байланыштуу түзүлгөн республикалык штаб кабарлады.
Казакстан чек арасын чет өлкөлүктөр үчүн жаап салган.
«Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги казак тарап менен кыргыз жарандарын алып чыгып кетүү жөнүндө макулдашты. Алар үчүн трансфер уюштурулат», деп кабарлады штаб.
18-мартта Кыргызстанда коронавирус жуккан алгачкы үч адам аныкталды. Алар 12-мартта Сауд Арабиясынан умрадан кайтып келгени айтылууда. Буга байланыштуу Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. (BkA)