Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:40

19-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстан.
Кыргызстан.

19-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу аймактарында кар жаашы ыктымал. Күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20,

Талас жергесинде түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19,

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 7…12, күндүз 18…23,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 7…12,

Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 6…11,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -15…-20, күндүз -3…+2 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүз 17…19 градус болот.

XS
SM
MD
LG