Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:50

Сузакта илдет чыккан айылдарга блок-посттор коюлду

Сузак районундагы Благовещенка айылы. 18-март, 2020-жыл.
Сузак районундагы Благовещенка айылы. 18-март, 2020-жыл.

Райондун карантин жарыяланган Бостон, Благовещенка жана Орто-Азия айылдарындагы 19 жерге блок-посттор орнотулганын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылыч Жолдошев Жалал-Абадда өткөн басма сөз жыйынында билдирди.

«Ал айылдарда адамдардын кирип чыгышына чектөө киргизилет. Сырттан келген адамдар болсо артка кайтарылып жатат. Жергиликтүү тургундарга бул боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Кырдаалга байланыштуу блок-посттордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн», - деди Жолдошев.

18-мартта Сузакта өзгөчө кырдаал жарыяланды. Буга райондун 70, 62, 42 жаштагы үч тургунунан коронавирус табылганы себеп болду. Алар Сауд Арабиясына умра сапарына барып келген. (RsK)

XS
SM
MD
LG