Бишкектин мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун шаардык соттогу иши бүгүн каралган жок. Буга адвокаттардын башка соттук процесстерге катышып жатканы себеп болгонун шаардык соттун басма сөз кызматы кабарлады. Кийинки отурум 20-мартка пландалды.
2019-жылдын 23-декабрында Ленин райондук соту Ибраимовду 15 жылга кесип, Кулматовду 5 миллион сом айып төлөөгө милдеттендирип, абактан үй камагына бошоткон.
Кулматов Кытай берген акчага «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушунда мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп айыпталган.
Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.
Экөө тең 2018-жылдын жайынан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган. Алар күнөөсү жок экенин, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жакын мамиледе болгону үчүн саясий куугунтукка кабылганын айтып жүрүшөт.
Өкүмгө нааразы эки тарап тең шаардык сотко апелляциялык арыз жазган. (RK)