Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:05

Азери журналисти түрмөдөн бошотулду


Афган Мухтарлы.
Афган Мухтарлы.

Азербайжандык белгилүү журналист-диссидент Афган Мухтарлы 17-мартта түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулду. Ал дароо Германияга чыгып кетти.

«Эл аралык уюмдар мени бошотуунун үстүндө бир жыл иштешти. Мени Грузиянын аэропортунан кандай уурдап кетишсе, түрмөдөн да ошондой эле алып чыгып аэропортко жеткиришти. Анан учак менен Германияга салып жиберишти», - деди журналист Берлиндин аэропортунан «Азаттыктын» азербайжан кызматынын суроолоруна жооп берип жатып.

Азербайжан президенти Илхам Алиевдин айланасындагы адамдардын коррупциялык иштери тууралуу жазып жүргөн Мухтарлы 2015-жылы өмүрүнө коркунуч жаралганын айтып, аялы Лейла менен Грузияга качкан. Бирок журналист 2017-жылдын май айында Тбилисиде дайынсыз жоголуп, бир күндөн кийин ал Бакуда камакта экени белгилүү болгон. Мухтарлы «уурдалганын» анын адвокаттары билдиришкен.

Мухтарлы «чек арадан мыйзамсыз өткөн», «ири суммадагы акчаны аткезчилик жол менен алып жүргөн» жана «кызмат адамдарына акарат келтирген» деп айыпталган.

2018-жылы 6 жылга түрмөгө кесилген.

Журналист өзүнө козголгон кылмыш ишин саясий куугунтук деп эсептейт. Ал «Алиевдин өкмөтү биздин үнүбүздү баса албайт» деп билдирип келет.

Грузин бийлиги Азербайжандын атайын кызматтары менен иштешкенин жана Мухтарлыны уурдоого катышы бар экенин четке каккан. Бирок бул окуядан кийин Грузиянын контрчалгын жана чек ара кызматтарынын башчылары кызматтан алынган.

XS
SM
MD
LG