Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:44

Каракол: Саясий партиялар шайлоону жылдырууну суранышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы 14 саясий партиянын Каракол шаарындагы өкүлдөрү шаардык кеңешке шайлоону жылдырууну сурап, аймактык шайлоо комиссиясына кайрылышты. Бул тууралуу Каракол шаардык кеңешинин депутаты Азамат Айтбаев маалымдады:

«Бүгүнкү күндө өлкөдө түзүлгөн оор акыбалга байланыштуу Караколдогу шайлоого катышууга бел байлаган 14 партиянын мүчөлөрү бир пикирге келип, аймактык шайлоо комиссиясына кайрылуу жаздык. Биздин өтүнүч шайлоону убактылуу жылдыруу болуп жатат. Эң башкысы - элдин саламаттыгы».

18-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров да Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында шайлоону жылдыруу маселесин көтөрүп, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу чечим чыгарышы керек экенин белгилеген.

17-мартта БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова «Азаттыкка» жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо белгиленген мөөнөттө өткөрүлөрүн, жугуштуу илдеттин алдын алыш үчүн БШК бир катар чараларды иштеп чыгарын билдирген.

Ушул тапта Кыргызстанда беш шаардык, 25 айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоого үгүт өнөктүгү жүрүп жатат. Балыкчы, Каракол, Майлы-Суу, Ош жана Токмок шаар кеңештерине 22 саясий партия ат салышууда. Шайлоого карата үгүт иштери 13-мартта башталган, добуш берүү 12-апрелде болот. (TSh/KS)

XS
SM
MD
LG