Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:58

Штаб: Кыргызстанда өзгөчө кырдаал жарыялоого олуттуу негиз жок

«Манас» аэропорту.
«Манас» аэропорту.

Кыргызстандын жалпы аймагында коронавирус коркунучунан улам өзгөчө кырдаал жарыялоого олуттуу негиз жок. Бул тууралуу 18-мартта Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди.

Анын айтымында, өзгөчө кырдаал жарыялоонун зарылчылыгы барбы же жокпу - сунушту эпидемиолог адистер берет. Чечимди оорунун жайылуу ылдамдыгына жараша өкмөт кабыл алат: 

«Анчалыкка жетпейбиз деп ойлойм. Эгер тез жайыла турган болсо, албетте, ойлонуштурабыз. Бирок анчалыкка жетпейт го дейм. Буга азырынча олуттуу негиз да жок».

18-мартта Кыргызстанда коронавирус жуккан алгачкы үч адам аныкталды. Алар 12-мартта Сауд Арабиясынан умрадан кайтып келгени айтылууда. Буга байланыштуу Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. (RK)

XS
SM
MD
LG