Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:01

Прагада коомдук жайда беткапсыз жүрүүгө тыюу салынды


Праганын метросу. 17-март, 2020-жыл.
Праганын метросу. 17-март, 2020-жыл.

Чехиянын борбору Праганын мэри Зденек Гржиб 18-март түштөн кийин шаар көчөлөрүндө жүрүү эрежелери катаалданарын “Фейсбук” аркылуу билдирди.

«Коомдук транспортто, өзгөчө кырдаал маалында иштеп аткан ишканаларда, социалдык, медициналык, билим берүү, мамлекеттик, административдик мекемелеринде, ыкчам жардам берүү кызматтарында, почтада, аптекада жана аялдамаларда оозу-мурдун жапкан беткапсыз жүрүүгө тыюу салам», - деп жазат мэр Гржиб.

Мэр сөзсүз эле медициналык беткап тагынуу шарт эмес экенин, дем алуу органдарын жапкан беткапты чүпүрөктөн жасап алса же кадимки моюн орогучту колдонсо да болорун кошумчалады.

17-мартта Чехиянын коронавируска каршы күрөш үчүн түзүлгөн жумушчу тобу коопсуздук чараларын дагы күчөткөн. Ага ылайык коопсуздук эрежесин бузгандар 20 миң крон (813 доллар) айыпка жыгылат.

18-мартка карата Чехияда COVID-19 вирусун жуктурганы аныкталгандар 484 кишиге жетти.

Өкмөт чек араларды жаап, өлкө аймагына карантин жарыялаган.

XS
SM
MD
LG