Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 1-апрель, 2020 Бишкек убактысы 04:50

Роухани: Коронавирус тууралуу маалыматты жашырган эмеспиз


Хасан Роухани баш болгон өкмөт мүчөлөрүнүн жыйыны.

Иранда коронавирустун кесепетинен каза болгондор 1135 кишиге жетти. Акыркы суткада 147 адам көз жумду. Бул бир сутка ичиндеги эң жогорку көрсөткүч.

Иран - Кытай менен Италиядан кийинки эле COVID-19 вирусунан эң көп жабыркаган өлкө. Коронавирусту жугузуп алгандар 17 миңден ашты.

Иран өкмөтүнүн оппозициясы жана айрым чет өлкөлөр «абдан жай кыймылдады, COVID-19 катталганын жашырган» деп сындап келишти.

18-марттагы өкмөттүк жыйында президент Хасан Роухани сындарды четке кагып, бийлик элге ачык экенин, 19-февралда коронавирус тууралуу маалымат чыгары менен жарыяланганын билдирди.

Ошол эле учурда өкмөттүк аткаминерлер коронавирустун жайылышын токтотуу максатында сыйынуу жайларын жабууну дин ишмерлеринен жумалап өтүнүп келгени, мечиттер ушул аптада гана жабылганы да белгиленди.

«Албетте, мечиттер менен ыйык жайларды жабуу кыйынга турду. Бирок биз аны жасадык. Андай кылуу биздин диний парзыбыз болду», – деди Роухани.

Эл бийликтин саламаттык чараларын көңүлгө албай, бири-бирине каттоону уланта берсе, коронавирустан миллиондогон адам өлүшү мүмкүн экенин 17-мартта Ирандын мамлекеттик телеканалдары маалымдашкан.

Дүйнөлүк статистиканы онлайн чагылдырып турган Worldometers сайты COVID-19 вирусун жугузган адамдар дүйнөдө 200 миңден ашканын, анын 8250сү көз жумганын, 82 миңден ашуун адам коронавирустан айыкканын көрсөтүүдө.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG